Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:50

“Форбс” журналы Орусия өз миллиардерлеринин үчтөн экисинен кол жууганын жарыялады


Дүйнөнүн эң бай адамдарынын АКШнын атактуу “Форбс” журналы түзүп келген тизмесинин жаңы чыгарылышына Орусиялык мурдагы миллиардерлердин көбү кирбей калды. Соңку дүйнөлүк каржы кризисинин айынан Орусиядагы миллиардерлердин саны дээрлик 70 пайызга азайган. 2008-жыл аралыгында мурдагы 87 миллиардердин отуз экиси гана калып, калган 55инин байлыгы эми 1 миллиард долларга жетпей калган. Былтыркы тизме боюнча эң көп миллиардер Москва шаарында байырлаган болсо, азыр Нью-Йорк шаары озуп чыкты. Өткөн жылы “Майкрософт” компаниясынын түзүүчүлөрүнүн бири Билл Гейтс 18 миллиард долларын жоготкон. Бирок калган 40 миллиард долларлык байлыгы менен ал дүйнөдөгү эң бай адам катары тизме башында кала берүүдө.

XS
SM
MD
LG