Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:42

Орусия өз радарын Азербайжанда сактап калууну көздөйт


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров бүгүн Бакуда чыгып сүйлөп, Азербайжандын Габала жергесинде жайгашкан баллистикалык ракета чабуулунун алдын-алган радар жабдуулары 2012-жылы эки тараптуу келишим аяктагандан кийин да сакталып кала бериши керек деп билдирди. Андан тышкары, Кремл бул радарды АКШ менен чогуу пайдалануу сунушунан кайра кайткан жок, деди Лавров. 2007-жылы Орусия Кошмо Штаттардын Польша менен Чехиядагы баллистикалык ракетага каршы системаны орнотуу долбооруна каршы чыгып, Габаладагы радарды чогуу пайдалануу сунушун билдирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG