Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:13

Президент Өнүгүү фондунун жетекчи кызматтарына ачык сынак жарыялады


“Кыргызстандын 30дан 45 жашка чейинки курактагы, мамлекеттик башкаруу кызматында, же бизнесте тажрыйбасы бар ар бир жараны фонддун баш, аткаруучу же финансылык директору боло алат. Эң негизгиси - өлкөгө иштейм деген умтулуусу, улуттук таламдарды сактоо жөндөмү болсун”, - деп белгиледи Курманбек Бакиев 12-мартта Өкмөт үйүндө өткөн жаш чиновниктер, саясатчылар жана ишкерлер менен жолугушуу маалында. Өлкө жетекчисинин тапшыруусу менен Өнүгүү фондунун жетекчи кызматтарына сынак Президенттин Катчылыгы тарабынан өткөрүлөт. Келаткан аптада анын шарттары маалымат каражаттары аркылуу жарыяланмакчы. (EK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG