Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:16

Германиядагы 15 кишинин өмүрүн алган каргаша тууралуу алдын-ала интернетке жарыяланганы дайын болду


Винненден шаарындагы он жети жашар немис уланы кечээ (шаршембиде) 9 студентти, 3 окутуучуну жана башка 3 кишини атып өлтүрүп, акыры полиция колго түшүрөөрдө өзүнүн жанын кыйган. Бүгүн Германиянын Баден-Вүртемберг жергесинин ички иштер министри маалымат жыйынын өткүрүп, бул каргашалуу окуяга байланыштуу айрым иликтөө маалыматы менен бөлүштү. Көрсө, бул улан өзүн көзгө илбеген теңтуштарына «көргүлүктү көрсөтөөрү” тууралуу алдын-ала интернет аркылуу кат таркаткан экен. Былтыр ал психиатриялык ооруканада да дарыланганы дайын болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG