Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:37

Еврокомиссия кыргыз өкмөтүнө эч кандай билдирүү жолдогон эмес


Европа Комиссиясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү бүгүн тараткан билдирүүдө өкүлчүлүк “Коммерциялык эмес уюмдар” тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча Жогорку Кеңеште козголуп жаткан демилгелерге байланыштуу кыргыз өкмөтүнө эч кандай кайрылуу жолдобогону айтылат. Ошондой бул билдирүүдө өткөн жумада Бишкекте өткөн Европа Биримдигинин жана Кыргызстандын бейөкмөт уюмдарынын, Еврокомиссия менен кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн катышуусундагы семинардын учурунда аталган мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү көздөгөн сунуштар ишке ашса жергиликтүү бейөкмөт уюмдардын ишмердигине олуттуу тоскоолдуктар тууларына тынчсыздануу айтылганы белгиленген.

Кечээ айрым маалымат каражаттары “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору кабыл алынса Еврокомиссия Кыргызстандын аймагынан чыгып кетээрин эскерткенин “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун төрайымы Төлайкан Исмаилова ЖКнын Социал-демократтар фракциясынын жыйынында билдиргени тууралуу кабар лаган. Анда Еврокомиссия мындай ниетин бийликке атайын дипломатиялык каналдар аркылуу жеткиришкени тууралуу да айтылган болчу.(SM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG