Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:35

Кыргызстан туризмдеги атаандаштык жөндөмү жагынан 106-орунда


Дүйнөлүк экономикалык форумдун быйылкы тизмесинде Кыргызстан туризм жагынан жети тепкичке алдыга жылды.
Дүйнөлүк экономикалык форумдун быйылкы тизмесинде Кыргызстан туризм жагынан жети тепкичке алдыга жылды.

Дүйнөлүк экономикалык форум (World Economic Forum) деп аталган уюм жакында саякат жана туризм индустриясынын дүйнө өлкөлөрүндөгү абалына арналган баяндамасын жарыялады. Баяндамада Борбор Азиядан үч өлкө, анын ичинде Кыргызстан да камтылып, 133 мамлекеттин ичинен быйыл 106-орун ыйгарылган. Бирок глобалдык экономикадагы азыркы кризис келерки жылы тизмедеги орундарды өзгөртүүсү мүмкүн.

Баш кеңсеси Швейцарияда жайгашкан Дүйнөлүк экономикалык форум "Саякат жана туризм атаандаштыгы" (Travel & Tourism Competitiveness) деп аталган баяндамасын ушуну менен быйыл үчүнчү ирээт чыгарууда. Баяндама авторлору тигил же бул өлкөнүн саякат жана туризм чөйрөсүндөгү атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн аныктоодо тармактын ишин жөнгө салган эрежелер, коопсуздук, аба, жол катнашы, туризм инфраструктурасы, экологиянын туруктуулугу, табигый, маданий байлыктары өңдүү жана башка он төрт чөйрөнү эсепке алган.

Баяндаманын авторлорунун бири Теа Киза (Thea Chiesa) айым биз менен болгон маегинде анын быйылкы багыты жана негизги тыянактары тууралуу буларга токтолду:

- Биз быйылкы баяндамабызда туризм менен саякат тармагын азыркы экономикалык кризис менен байланышта кароого аракеттендик. Ал эми баяндаманын башкы тыянагы өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн көбү мурдагы жылдарга караганда, тармакта жакшыраак аракеттенип жатканы. Биз бул негизинен улуттук деңгээлдеги бир катар чараларды ишке ашыруу жергиликтүү туризм индустрияларын стимулдаштырганына байланыштуу болду деп ойлойбуз.

Ошентип, туризмдин өнүгүүсүнө таасир көргөзүүчү он төрт чөйрө боюча жүргүзүлгөн иликтөөнүн натыйжасында баяндамада камтылган 133 өлкөнүн рейтинги аныкталган. Алдыңкы он өлкөнүн тобунда ирээти менен Швейцария, Австрия, Германия, Франция, Канада, Испания, Швеция, АКШ, Австралия, Сингапур турат. Эски совет аймагынан Орусияга быйыл 59, Азербайжанга 76, Украинага 77, Арменияга 91, Казакстанга 92, Молдовага 93, Кыргызстанга 106, Тажикстанга 109-орун ыйгарылган.

Былтыркы баяндамада Өзбекстан да бар эле, быйыл маалымат жоктугуна байланыштуу киргизилген эмес.

Кыргызстандын быйыл былтыркыга салыштырмалуу 7 тепкичке алдыга жылуусун, же 113төн 106-орунга которулуусун, баяндама авторлорунун бири, Дүйнөлүк Экономикалык форумдун саякат жана туризм индустриясы боюнча эксперти Теа Киза айым мындайча түшүндүрдү:

- Бул Кыргызстан жакшыраак кетип жатат, улуттук деңгээлде туризм индустриясын стимулдаштыруучу чараларды көрө баштады дегенди туюндурат.

Тигил же бул көрсөткүч боюнча өзүнчө ала келгенде мамлекеттердин орду да алмашат. Маселен баа боюнча атаандаштык жагынан Кыргызстан жана Борбор Азия өлкөлөрү жалпы рейтингде биринчи он орунду алган Батыш мамлекеттеринен алдыда. Кыргызстан быйыл 65-орунга коюлган. Бирок инфраструктура жагынан 133 мамлекеттин арасынан 124, мунун ичинен туризм инфраструктурасы боюнча 129-орунда. Ошол эле учурда коомдун коомдун туризмге жана чет элдик конокторго ачыктык жагынан алдыга чыгып, 28-орунду алган. Ал эми туризм тармагын жөнгө салган эрежелер боюнча 102-орунда.

Дүйнөлүк экономикалык форумдун эксперти Теа Киза биз менен маегинде кошумчалагандай, туристтик багыт катары дүйнөнүн саякаттоочу жамаатка анча таанымал эместиги - Кыргызстандын негизги жетишпегендиктеринин бири. Ал ошондой эле өлкө айлана-чөйрө боюнча эл аралык келишимдерге кошулуусу оң болорун белгиледи:

- Силерде кол тийе элек табият бар, булгануунун деңгээли төмөн. Анткен менен эл аралык келишимдерди ратифиациялоо жана аларды улуттук деңгээлге ылайыктааштыруу жагы артта калып жаткандай. Менимче бул өлкө үчүн өтө маанилүү. Анткени экономика менен табият азыр тыгыз байланышта. Туризмди, эс алуунун, бизнестин келечеги да барган сайын айлана-чөйрөнүн туруктуулугу менен байланыштуу.

Айлана-чөйрөнүн туруктуулук көрсөткүчү жагынын Кыргызстан 89, Тажикстан 97, Казакстан 117-орунга жайгаштырылган. 1-орунда болсо Швеция турат.

Баяндаманы даярдоодо болсо Кыргызстан жана башка өлкөлөр тууралуу маалыматтар Дүйнөлүк туризм уюму (UNWTO), Аба транспорту боюнча эл аралык ассоциация ( IATA) өңдүү эл аралык мекемелерден, тармак боюнча эксперттерден жана коомчулук үчүн ачык башка булактардан чогултулган. Баяндаманын автору Теа Кизанын айтымында, маселен, Кыргызстанда тикелей туризм тармагында эле эмес, башка чөйрөлөрдө иштеген чет элдик ишкерлер арасында сурамжылоо жүргүзүлгөн.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG