Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:24

Жорж Бушка бут кийим ыргыткан ирактык журналист үч жылга кесилди


Багдаддагы сот журналист Мунтадер аз-Зейдини “чет өлкөлүк лидерге кол салган” деп айыптады. “Ал-Багдадия” сыналгысынын кабарчысы аз-Зейди өткөн жылы 14-декабрда президент Буш Багдадда маалымат жыйынын өткөрүп жатканда ага бут кийимин ыргыткан. Сот жүрүшүндө журналист өзүнө коюлган айыпты четке какты жана өз аракеттерин “баскынчылыкка каршы көрсөтүлгөн кадимки реакция” катары сыпаттады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG