Мындай чечим оппозициялык кыймылдын саясий кеңешинин 12-мартта кечинде болгон жыйынында кабыл алынды. Кыймылга кирген партиялар ошондой эле жер-жерлерде да мыйзам чегинде 27-мартта акция өткөрүлөрү тууралуу жергиликтүү бийликтерге маалымдама бере баштайт. Бул тууралуу БЭКтин саясий кеңешинин мүчөсү Исмаил Исаков билдирди.(AiT)