Бишкек Гуманитардык университетинин ректорлугуна Абдыжапар Эргешов өкмөт башчынын буйругу менен дайындалды. "Билим берүү жөнүндөгү" мыйзамга киргизилген жаңы өзгөртүүгө байланыштуу Улуттук деген макамы жок жогорку окуу жайлардын жетекчилерин өкмөт башчы, Улуттук университеттердин ректорлорун президент дайындайт.(BD)