Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:54

Алманбет Шыкмаматов: Кеп жашта эмес, кеп саясий системада


“Азаттыктын” таңы уктурууларындагы маектеш - “Ата Мекен” партиясынын Нарын облусу боюнча координатору Алманбет Шыкмаматов болду.

- Кечээ президент Курманбек Бакив жаштар менен жолугушууда башкаруу ыкмасын эскиче эмес жаңыча жүргүзүү керектигин айтты . Ошондо жаштарды мамлекеттик иштерге тартуу керектигин белгиледи. Бул демилге ишке ашарына канчалык ишенесиз?

- Албетте, заманбап талаптарга ылайык билим алып келген колунан иш келген профессионал жаштарды мамлекеттик башкаруу органдарына тартуу негизинен туура, позитивдүү көрүнүш. Бирок кеп ал жашта же жаштын өтүп кеткенинде эмес. Биринчи кезекте ошол кадрдын мекенди сүйүүсү, чынчылдыгы, тазалыгы өзүнүн жеткиликтүү профессионалдык деңгээли болуш керек.

Азыр мамлекетте корупция тамырын терең жайып, демократиялык принциптерден артка чегинип, демократияны жамынып авторитаризм псевдодемократия жолуна түшкөндө биз жаштарды тартуу менен эле азыркы көйгөйдүн баарын чече албайбыз.
Тескерисинче жаштарды бузуп? коррупцияланган жаңы муунун тарбиялап алышыбыз мүмкүн да.

Мен бир мисал айта кетким келет. Бизде азыр башкаруу органында кыркка чыга элек Нурлан Акматов деген жигит бажы тармагын башкарып келе жатат. Төрт жылдан бери корупция деңгээли боюнча бажы тармагы биринчи орунду ээлеп келатат.

Ал эми энергетика тармагы боюнча жетекчи болуп жетимишке чыгып калган Давыдов деген аксакал иштеп атат. Энергетика системасынын кандай кейиштүү болуп атканын жумурай журт көрүп турат. Менин айтаар элем, кеп жашта эмес, кеп системада, кеп ал мамлекеттик жетекчиликтин саясий эркинде да.

Мыйзамдуулукту орнотуп, мыйзамдын баарына бирдей иштешин камсыз кылып бир саясий курал катары эмес мыйзамдын өзүнүн нукура түз вазипасын аткарган мамлекет болуп, күчтүү мамлекетке айланып, укуктуу мамлекетке айлануу жолуна түшкөнүбуздө гана жанагы Европадагы өнүккөн мамлекеттерди туурап кадр маселесинде жаштарга көңүл бурсак туура болоор эле деп ойлойм.

Анан мына азыр жаштарды алып келдик, бийликке тарттык, эми биз оңолуунун даарысын таптык, эми оңолобуз деген бул убактылуу тил эмизүү го деп ойлойм. Эми парламентти карасак теңи жаштар, теңи элүүдөн өтүп калгандар, бирок карапайым эл баарын көрүп турбайбы, жашы дагы, жаш эмеси дагы момурайып эле унчукпай калыстык сөзүн айтпай, же болбосо жаңы идея көтөрбөй реформатордук же бир новатордук идеялар чыкпай отурушат да.

-Азыр Интернет жаштардын өнүгүшүнө абдан таасирин тийгизип аткан учуру эмеспи. Мына "Чек арасыз кабарчылар" уюму интернет боюнча жылдык отчетун жарыялап анда интернеттин душманы катары дүйнөдөгү 22 мамлекетти атап, анын ичинде Орто Азиядан Туркмөнстан жана Өзбекстанда дагы интернет аркылуу маалымат алууга тоскоолдуктар көрсөтүлүп, чектөөлөр болуп жатканы айтылган да. Интернет жаатындагы көйгөйлөр Кыргазстанда дагы барбы?

-Интернет жаатындагы көйгөйлөр, албетте, Кыргызстанда да бар. Жакында мыйзам кабыл алышты ошол Интернет мейкиндигиндеги чектөөлөр тууралуу.

Булардын аргументти боюнча интернетти массалык маалымат каражаттарына кирбейт, ошондуктан мунун өзүнчө бир субьект катары кабыл алып ушундай мыйзамды кабыл алдык деп жатышат да.

Бирок мунун түпкүлүгүндөгү маселе башка да. Себеби интернеттке элдин кызыгуусу, өзгөчө жаштардын кызыгуусу өзгөчө жаштардын кызыгуусу аябай күчөп атат.

Интернет аркылуу маалымат алабыз дегендер дагы көп болуп атат, ошондуктан булар маалыматтан коркуп ушундай кадамдарга барып атабы деп ойлойм. Себеби башка себеп жок да интернетке чектөө салууга.

Тескерисинче интернет мамлекетке салык төлөйт, интернеттин көбөйгөнү экономикалык пайда алып келет, билим берүү жаатында болобу, кайсы гана тармактарга болбосун интернеттин пайдасынан башка зыяны жок да.

-Алманбет мырза, ал эми жанакы жаштар жөнгүндө айтып кеттиңиз маалымат алуу боюнча. Элет жериндеги жаштар интернет байланышта жүрүүгө мүмкүнчүлүгү барбы?

-Мүмкүнчүлүгү такыр жок. Элет жериндеги жаштар биз өзүбүз айыл жерлерин кыдырып келгенде өзүбүз дагы көрөбүз да. Интернет таппай убара болуп жүргөн чоң-чоң шаарларда мисал үчүн Таластын борборунда, Нарындын борборунда бир-эки эле түйүндө интернет болуп ага кезек күткөн адамдар өтө көп да.

Элдердин далалатты интернетке кызыкканы абдан көп. Бирок анын тамырын жайып ар бир айылга киргизиш түшкө кирбей турган нерсе. Элибизге, элибиздин аң-сезимине, билим алуусуна деги эле бардык тармагына чоң пайдасын гана тийгизет.
XS
SM
MD
LG