Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Т.Тургуналиев:"Бийлик М.Садыркуловго каршы кылмыш ишин ачкан жатат"


"Саясий куугунтукка каршы күрөш" комитетинин төрагасы Топчубек Тургуналиевдин "Азаттыкка" билдирүүсү боюнча мындай маалыматты ага Башкы прокурор Элмырза Сатыбалдиев бийлик менен оппозициянын алгачкы сүйлөшүүсүнөн кийин билдирген.Ал мындай маалыматты Тургуналиевдин президенттин администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдон Акаевдин бийлиги учурунда пара катары берген 420 миң долларды кайтарып алуу керек деген талабына жооп катары берип, бул иш боюнча кылмыш ишин кайра жандандыруу керек деген көрсөтмө 6-мартта берилгендигин билдирген. Ал эми Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев Коомдук парламенттин төрагасы Абдыганы Эркебаевдин Октябрь райондук сотунда судья болуп иштеген кызына кылмыш иши жакында ачылаарын, ага судьянын чечиминин негизинде төрт бала мыйзамсыз асыралып алынгандыгы негиз болорун оппозиция менен бийликтин сүйлөшүүсү учурунда билдирген. Молдомуса Конгантиев бул саясий куугунтук эмес, парламенттин көрсөтмөсү боюнча министрлик жүргүзгөн иликтөөдө аныкталган мыйзам бузуу экендигин эскерткен. Ал эми оппозиция мурда кызматта жүргөн адамдар иштен кеткенден кийин эле дароо кылмыш иштеринин ачылышын саясий куугунтук деп баалап жатат. (BD)

XS
SM
MD
LG