Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:16

Элмира Ибраимова: М.Садыркуловду акыркы күндөрдө бирөөлөр аңдып жүрүшкөн


“Медет Садыркулов менен кечээ кечинде сүйлөшкөм. Бир жума мурда ал “Менин үйүмдүн астында бирөөлөрдү коюшкан окшойт, аңдып жүрүшөт” деп айткан эле”, - деди “Азаттыктын” кабарчысы А.Касмалиеванын суроолоруна жооп берген мурдагы вице-премьер-министр Элмира Ибраимова. Э.Ибраимова, андан сырткары, өрттөнүп кеткен автоунаада үч адам болгонун, алардын денеси дээрлик толук күйүп бүткөнүн, айрым гана бөлүктөрү сакталып калганын билдирди. “Медет Садыркулов жакында эле тишине пломба жасаткан болчу. Азыр тиш догдур да балким ошол пломбадан аны аныктоо үчүн экспертизага катышып жатат”, - деди Э.Ибраимова. (TD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG