Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:15

А.Турдумаматов: М.Садыркулов президенттин саясатына эч качан каршы болгон эмес


Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргыз президентинин маалымат кызматынын жетекчиси Алмас Турдумаматов билдирди. “Медициналык экспертизанын жыйынтыгын күтпөй жатып эле айрым саясий партиялардын өкүлдөрү муну “саясий өңүттөгү буюртма адам өлтүрүү” дегени Кудайга жакпаган нерсе. Муну алар, керек болсо, адамдын өлүмүн да өздөрүнүн саясий кызыкчылыгы үчүн пайдаланууга аракети деп бааласа болот”, - деди ал. А.Турдумаматовдун айтымында, Медет Садыркулов эч качан президент К.Бакиевдин реформаларына каршы болгон эмес. Тетирисинче, аларды дайыма колдоп келген. “Президент да М.Садыркуловду мыкты уюштуруучу катары жогору баалай турганы белгилүү”, - деди президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси. (TD)

XS
SM
MD
LG