Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:38

Мексика өкмөтү “Форбс” журналын айыптады


Мексика өкмөтү “Форбс” журналы Хоакин Гузманды дүйнөнүн эң бай адамдарынын тизмесине киргизгендиги үчүн айыптады. Мексикада наркокартелдин лидери Гузманга издөө жарыяланган. “Форбс” анын байлыгын 1 миллиард долларга баалап, байлардын тизмесинде 701-орунга жайгаштырган. Гузман наркозаттарды АКШга ташыган “Синалоа” картелин жетектейт деп айтылып жүрөт. Мексиканын баш прокурору байлыгын маңзаттарынын аткезчилиги аркылуу топтогон адамды мыйзамды сыйлаган бизнесмендерге теңеп, кылмышты актап жатат деп “Форбсту” айыптады. АКШ өкмөтү Гузманды кармоо жардамы үчүн 5 миллион доллар убада кылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG