Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:49

Автокырсыктан каза болгондорду ким экендиги чет өлкөдө аныкталат


Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевдин билдирүүсү боюнча автокырсыктан каза болгондордун ким экендиги ДНК аркылуу Казакстанда аныкталат. Буга алардын ким экендигин соттук-медициналык экспертиза аныктай албагандыгы башкы себеп. М.Каратаевдин айтуусу боюнча ал үчүн каза болгондордун жакындарынан алынган кан Казакстанга жиберилет жана жыйынтыгы 10-15 күндүн ичинде чыгышы мүмкүн. 13-марттын таңында Бишкектин четиндеги аймактан эки машина кагылышып, өрттөнүп кеткен. Алардын бири, "Лексус" джип машинасында президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Медет Садыркулов жана Эл аралык стратегиялык иликтөөлөр институтунун мурдагы директору Сергей Слепченко жана айдоочу болгон деп божомолдонууда. (BD)

XS
SM
MD
LG