Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:15

Ревком жыйын курду


Элдик революциялык кыймылдын саясий кеңеши бүгүн жыйын куруп, анда 27-мартта боло турган нааразылык митингге даярдык жана анда кыймыл аткара турган милдеттерин аныктады. Кыймыл лидерлеринин бири Топчубек Тургуналиевдин "Азаттыкка" билдирүүсү боюнча Ревком андан тышкары БЭКтин алдына койгон милдеттер ишке ашкандан кийин эмне кылуу керек деген маселени талкуулап, үч багыттагы чечим кабыл алды жана аны БЭКтин Улуттук кеңешинин бүгүн боло турган жыйынынын талкуусуна сунуштайт. (BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG