Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:56

Оштогу бейөкмөт уюмдары бийликке кайрылуу жолдошот


Отуздан ашык бейөкмөт уюмдары кечээ Ош шааарында чогулуп “Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу” мыйзамга айрым депутаттардын өзгөртүү толуктоолорду киргизүү демилгесин талкууга алышты. Анын соңунда бейөкмөт уюмдары жаңы мыйзам долбоорунан чет элдик уюмдардын ишмердигин өзүнчө жобого бөлүүнү, “саясий ишмердик жана шайлоо жараяндарына катышуу” түшүнүктөрүн толугураак чечмелеп берүүнү депутаттардан өтүнүшмөй болушту. Оштогу бейөкмөт уюмдары бул сунуштардын баарын эске алып, бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу жолдоо үчүн атайын жумушчу комиссиянын өкүлдөрүн бекитти. Иш-чараны “Адам укуктары боюнча ” бейөкмөт уюмдарынын ассоциациясы, Оштогу “Интербилим” ресурстук борбору жана эл аралык коргоого көмөктөшүү борбору бирдикте уюштурушту. (EK)

XS
SM
MD
LG