Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:19

13-мартта табышмактуу, кайгылуу шартта Медет Садыркуловдун каза болгону кабарланды. Бийлик менен оппозициянын сүйлөшүүсү үзгүлтүккө учурап, А.Жекшенкулов камакка алынды. Саясий күрөш курчуп кетти.

Медет Садыркуловдун табышмактуу тагдыры

Kүйүп кеткен автоунаалар

13-мартта президенттик администрациянын мурунку башчысы Медет Садыркуловдун каза болгондугу тууралуу кабар келди. Расмий маалыматтарга ылайык, 13-мартта эрте мененки саат бештерде Аламүдүн районундагы Койташ айылына жакын жерде Лексус-470 автоунаасы менен Ауди-100 автоунаасы кагылышып, андан өрт чыгып кеткен. Өрттөнүп кеткен Лексус жип автоунаасынан үч адамдын күйүп кеткен сөөгү табылган.

Лексус-470 автоунаасы Жогорку Кеңештин депутаты Эрик Арсалиевдики экендиги, аны Медет Садыркулов сурап айдап кеткендиги жана күйүп кеткен автоунаадагы сөөктөр Садыркулов жана анын жолдошторуна таандык экендиги дароо эле айтылып, ал түкшүмөлдөр кыйыр далилдер менен аныктала баштады.

Бул маалыматты Медет Садыркуловдун жакын пикирлештеринин бири, мурдагы вице-премьер-министр Элмира Ибраимова тастыктады:

-Автоунаада Медет Чоканович, Сергей Слепченко жана айдоочу Кубат деген бала үчөө болчу.

Ибраимова кийинчерээк автокырсык болду деген сөздөргө ишенбесин, ал эми күйүп кеткен сөөктөр жогоруда аталган инсандарга таандык экени далилденип жатканын билдирген.

Маалыматтарга карагандай Медет Садыркулов Сергей Слепченко менен Алма-Атадан келаткан. Алар 13-мартта түнкү саат 2:30 Казакстандан Кыргызстан чек арасына өткөн.

Сергей Слепченко президент алдындагы стратегиялык иликтөө институнун мурунку башчысы. Анын Россиянын атайын кызматтарына жакындыгы болгон деген маалыматтар бар.

Расмий бийлик ДНК иликтөөлөрүнөн кийин сөөктөр кимге таандык экени аныкталат деп турат. ДНК анализин жасоо үчүн сөөктөрдөн алынган бөлүкчөлөр Казакстанга жөнөтүлдү. Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевдин айтымында, ал иликтөөнүн жыйынтыгы 15 күндүн аралыгында чыгат.

Садыркулов Бакиевдин администрациясында жетекчи болуп эки жылдан ашуун иштеп, бийликтин вертикалын бекемдөөгө чоң салым кошкон.

Медет Садыркуловдун каза болушуна алып келген окуяга карата президент 14-мартта реакция жасады. Курманбек Бакиев башкы прокурор жана ички иштер министрине окуяны тармактар аралык комиссия түзүп иликтөөнү тапшырганын президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Алмас Турдумаматов билдирди.

Медет Садыркуловдун каза болушунун себептери тууралуу түрдүү версиялар айтылууда. Алардын ичинен саясий себептерге байланыштуу жок кылынды деген сөздөр арбын. Бирок мындай жоромолдорду четке каккандар да чыгууда.

- Менин оюмча муну саясатка байланыштырууга болбойт. Бул жөнөкөй эле кырсык. Эми ага обьективдүү иликтөө иши керек. Кечээ оппозиция аны саясат менен байланыштырып жатат. Бирок менин оюмча андай эмес,-дейт саясат таануучу Марат Казакпаев.

Бирок айрым маалыматтарга караганда, Медет Садыркулов акыркы мезгилдерде оппозиция өкүлдөрү менен кеңешип өзүнчө күч болууга аракеттенип жаткан. Алма-Атага сапары да түрдүү түкшүмөлдөрдү жаратууда. Андан сырткары анда бийликти жаманатты кылчу компроматтар арбын болгон деген божомолдор бар.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев Медет Садыркуловго байланыштуу кейиштүү окуянын келип чыгышына карата мындай оюн ортого салды:

-Эми анын оппозицияга барайын деген аракеттери байкалган эмес. Оппозициянын да аны өзүнүн катарына кошоор-кошпошу белгисиз эле.Кеп башкада болуп жаткан. Бул эми таза эмес саясаттын аягы барып-барып ушуга келип такалат. Демократиялык мамлекеттерде да саясий өлтүрүүлөр болуп кетет.Бирок биздин шартта андай иштердин жасалышына мүмкүнчүлүктөр көбүрөөк. Бизде саясат менен бизнес чогуу жасалып жатат.Ага уюшкан кылмыштуулук эчак кошулуп кеткен. Мына ушу үч күч кошулуп кеткен жерде мына ушундай баш-аламан болуп, анан анын учугун таап чыгыш кыйын болуп калат. Кимиси каякта экени билинбей калат. Баары аралашып калган.

Саясий күрөштүн күчөшү

Медет Садыркуловдун мына ушундай коркунучтуу шартта каза болушу саясий чөйрөнү дүргүтүп жиберди. Оппозиция лидерлери муну саясий өлтүрүү катары баалап, 27-марттагы жалпы улуттук акцияга даярдыкты күчөтүү чечимин кабыл алды.

Медет Садыркулов саясий кеңешинин мүчөсү болгон “Ак жол” партиясынын ичинде да каршы-терши кыймылдар пайда болду. Маселен, партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Элмира Ибраимова 14-мартта Бириккен Элдик Кыймылдын жыйынына катышты. Андан сырткары Медет Садыркуловдун мурдагы “Менин өлкөм” партиясындагы пикирлештеринин демилгеси менен жыйын болду.

Жогорку Кеңештин депутаты, “Ак жол” фракциясынын депутаты Бегалы Наргозуевдун айтымында жыйын чакыруу демилгесин Садыркуловдун пикирлештери көтөрдү:


- Демилгечилер ошолор болду окшойт. Ошолордун чакыруусу менен ар түрдүү топтогу, мурун ал топко (Садыркуловдун) кошулбаган депутаттар да келишти. Мурда өкмөттүк эмес уюмдарда иштеген депутаттар, мурун көз карандысыз болуп жүргөн депутаттар, баары аралаш чогулду.

14-мартта болгон ал жыйынга ондон ашуун депутат катышып, алар Жогорку Кеңештин чукул жыйынын чакырууга аракет жасашкан. Бирок ага жетиштүү кол чогултуу мүмкүн болбой калган. Ошондуктан алар кийинки жумада комитет, фракция, парламенттин жыйындарын күтүүнү чечишти.

Бул арада 20га чукул өкмөттүк эмес уюмдар Бириккен Элдик Кыймылдын лидерлери менен 14-мартта жолугушту. Айрым маалыматтарга караганда, алар оппозициянын иш-аракеттерин жана талаптарын колдоого алышат.

Мына ушул тенденциялар саясий күрөштүн курчуп, анын масштабы кеңейип баратканынан кабар берет. Өз кезегинде бийлик органдары нааразылык акциялардын алдын-алуу үчүн өзгөчө Аксы жана Алай райондорунда тийиштүү иштерди жүргүзүп жатканы кабарланууда.


Ал иштер тууралуу БЭКтин саясий кеңешинин мүчөсү Исмаил Исаков буларды билдирди:


-Мага маалымат беришти, мени коргоо комитетинин кээ бир мүчөлөрүнө акимдердин орун басарлары, жетекчилер барып, акция өткөрбөгүлө, уруксат бербейбиз, күчүбүздү көрсөтөбүз дегендей мамиле жасап, мыйзамды бузууга аракет кылып жатышат экен.

Аксы районунда акция чыкпоого үндөө болуп, адамдарга акча берилип жатканын Азимбек Бекназаров билдирди.

Туулбай жатып тууна чөккөн” сүйлөшүүлөр

Бийлик менен оппозиция 11-мартта сүйлөшүүгө чогулду. Бийлик тараптан ага мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу, президенттик катчылыктын жетекчиси Оксана Малеваная, күч структураларынын жетекчилиги, оппозициядан Иса Өмүркулов, Абдыганы Эркебаев, Амангелди Муралиев катышты. Ортомчу катары Акыйкатчы Турсунбек Акун, коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков, Миталип Мамытов болду.

Сүйлөшүүдө оппозиция саясий куугунтукту токтотуу талабын койсо, бийлик өкүлдөрү “Кыргызстанда саясатка байланыштуу кылмыш иштер жок экенин, кадимки кылмыш иштер бар экенин, аларга чекитти сот коерун” билдиришкен.

Албетте, оппозиция мындай жоопко канааттанган жок. Аликбек Жекшенкуловдун сот аркылуу бир айга камалышы алардын нааразылыгын ого бетер күчөттү. Ошондуктан оппозиция 13-мартка белгиленген сүйлөшүүнүн экинчи бөлүгүнө келүүдөн баш тартты.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев оппозициянын бул кадамын туура деп эсептейт:


-Сүйлөшүүгө барбай койгону туура болду. Муну коомчулук туура түшүнүп жатат. Мындай шартта-бир четинен камап жатса, бийлик эмне оппозиция менен диалогду тергөөчү аркылуу жүргүзөбү деген суроо келип чыгат. Ошондуктан оппозициянын сүйлөшүүгө барбаганы туура болуп жатат. Анткени укуктук талаа таза болбой жатат. Сүйлөшүү үчүн бирдей шарт болуш керек. Анан четинен камай берип, бир четинен сүйлөшкөн бул бөлүнүп, жиктелип сүйлөшкөндөй болуп калат. Калгандарын сатканга окшоп калат.

Орозбек Молдалиев конституциялык эмес орган болгон президенттик катчылыктын бул сүйлөшүүлөрдө дегеле мамлекеттик масштабда башкы ролго чыгышын түшүнүксүз деп баалады.

Аликбек Жекшенкулов кармалган күндүн эртеси, 10-мартта Бишкек гарнизондук сотунда Исмаил Исаковго байланыштуу сот иши башталды. Башкы прокуратура ага аскердик майрамдарды уюштургансың, Балыкчыдагы аскердик бөлүктө автоунаалар жоголгон деген айыптар коюлууда. Сот ишти 16-мартта кайрадан карай баштайт. Азыркы кырдаалда соттон адилеттүүлүк күтүш кыйын экенин Исмаил Исаков жашырган жок:

-Эми бүгүнкү жагдайды эсепке алып айтканда адилеттүүлүк болбойт деген ишеним көбүрөөк. Себеби бүгүн бийликтин күч аракеттери бийликке каршы айткан, оппозициялык маанайдагы адамдарга, алардын лидерлерине жалган жалаа жаап, көө сыйпап, соттоп, же камап коюу максаты күчтүү. Ошондуктан чындык болот деген ой бизде эле эмес, башка адамдарда да жок.

Талдоочулардын пикиринде, Исмаил Исаков жана Аликбек Жекшенкулов күзүндө болушу күтүлүп жаткан президенттик шайлоодо азыркы президентке олуттуу атаандаш болушу ыктымал болуп турган.Ошондуктан бийлик атаандаштарды азыртан аксатуу амалын кылууда дейт саясат таануучу Нур Омаров:

- Негизи президенттик шайлоо кампаниясы башталды. Ошондуктан бул сүйлөшүүлөр президенттин демократиялык сүйлөшүүлөргө барууга даярдыгын көрсөтүш керек болчу. Бирок сүйлөшүү соңунда эч кандай жыйынтык бербейт. Менин оюмча, Жекшенкулов, Исаковдон сырткары башка оппозиция лидерлерине да каршы кылмыш иштери козголушу мүмкүн.

Өткөн жумада журналист Сыргак Абдылдаевдын мыкаачылык менен сабалып, бычакталышы, бул жумада Медет Садыркуловдун үрөй учурган өлүмү президенттик шайлоо алдында бийлик үчүн оор соккулардан болууда. Бул каргашалуу окуялар президенттик шайлоонун алдында бийликтин Россия менен жетишилген келишимдер аркылуу тапкан упайларын жоготуп, терс пикирлерди күчөтүп жиберүүдө. Оппозициянын жалпы улуттук нааразылык акциялары үчүн олуттуу себеп, жүйөөлөр пайда болууда.






  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG