Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:39

Чоң жыйырмалык кризиске каршы мүмкүн болгон чаралардын баарын көрүүнү убада кылды


Дүйнөнүн алдыңкы жыйырма өлкөсүнүн каржы министрлери менен борбордук банк башчыларынын жыйыны Британиянын түштүгүндөгү Хоршэм шаарында өттү. Конок ээси –Британиянын каржы минстри Алистар Дарлингдин жыйындан соң билдиргенине караганда, анын катышуучулары глобалдык экономикадагы өсүштү калыбына келтирүү үчүн "мүмкүн болгон чаралардын баарын көрүүнү" макулдашты. Тараптар ошондой эле кыйынчылыкка кабылган өлкөлөргө жардам берүүсү үчүн Эл аралык валюта корунун каражатын "тезинен " көбөйтүүнү да макулдашты.

Хоршэмдеги жыйын чоң жыйырмалыктын алдыдагы саммитин даярдоону көздөдү. Саммит 2-апрелде Лондондо ачылат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG