Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:11

И.Исаковдун соту башталат


Бүгүн Бишкек гарнизондук соту мурдагы Коргоо министри Исмаил Исаковго ачылган кылмыш ишин кароону баштайт. Мындай маалыматты “Азаттыкка” Исаковдун коргоочусу Мукар Чолпонбаев билдирди. Сот 10-мартта коргоочу Чолпонбаевдин иш менен тааныша электигине байланыштуу бүгүнкүгө жылдырылган болчу. Башкы прокуратура Коопсуздук кеңештин мурдагы катчысы Исмаил Исаковго Коргоо министри болуп жүргөн кезинде аскердик майрамдарды өткөрүп ага каражат короткон жана Балыкчыдагы аскер бөлүгүндө машиналардын жоголушуна жол берген деген кине менен кылмыш ишин ачкан. Оппозиция муну саясий куугунтук деп баалаган. Башкы прокурор Элмырза Сатыбалдиев болсо кадимки эле мыйзам бузуу деп билдирген.(BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG