Ооганстандын чыгышында кечээ (15-мартта) бомбанын жарылуусунан НАТО күчтөрүнүн курамына кирген 4 жоокер набыт болду. Командачылыктын кабарлашынча, окуя Пакистан менен тогошкон Нангархар вилайтеинде болуп, жоопкерчиликти өзүнө талиптер алды. Ушул эле күнү Кабулда аскерлер өтүп бараткан жолдо жанкечти өзүн жардырып жиберип, эки адам мерт кетти.