Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:02

НАТО Ооганстандагы президенттик шайлоого кам көрө баштады


НАТО Австралия бийлигине шайлоо учурунда коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Ооганстанга кошумча аскер жиберүү өтүнүчү менен кайрылды. Ооганстанда президенттик шайлоо 20-августка белгиленген. Австралиянын Тышкы иштер министри Стивен Смиттин айтымында, Ооганстанга кошумча аскер жиберүү тууралуу чечим азырынча кабыл алына элек. Бирок Австралия добуш берүүнүн эркин жана таза өтүүсү үчүн Оогастандын шайлоо комиссиясына 2 миллион доллар жибермекчи. Учурда Ооганстанда Австралиянын 1 миң 100 жоокери кызмат өтөйт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG