Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:30

17-мартта Аксы окуясынын курмандыктары эскерилет


17-мартта 2002-жылы Аксы окуясында курман болгондорду эскерүү жыйыны Аксы районундагы Кара-Жыгач айылында болот. Ал тууралуу Аксы окуясына жабырланган Гүлбара Ашырова “Азаттыктын” таңкы маегинде билдирди. Жыйын каза болгондорго багышталып, Куран окутуу менен башталып, кандуу окуяга жооптуу адамдар алигиче жоопко тартылбаганы бийликке эскертилет. Андан тышкары азыркы бийликке саясий куугунтуктоолорду, коркутууларды токтотуу талабы коюлат. Гүлбара Ашырованын айтымында, облустук жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү элди эскерүү жыйынына катышпоого үндөп жатат. Ал эми буга чейин Азимбек Бекназаров аталган жыйынга эл катышпасын деген талап менен Аксыга 50дон ашык атайын багыттагы милиция тобу жиберилди деп билдирген эле. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармасынын басма сөз катчысы Ибрагим Шатманалиев мындай маалыматты четке кагып, Аксыга эч кандай милиция жиберилген жок деп билдирди.(BD)

XS
SM
MD
LG