Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:11

Бишкек аскердик гарнизондук сотунун алдында пикет болуп жатат


Ушул тапта сотто жүргөн кабарчыбыздын билдиргени боюнча сот имаратынын алдында жүздөн ашуун киши бар. Алар “Исаковдон колуңду тарт!”, “Генерал Исаковго саясий куугунтук токтотулсун!” деген сыяктуу талаптар жазылган плакаттарды кармап турушат. Бүгүнкү соттук териштирүүгө айыпталып жаткан төртөө: мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков, анын мурдагы орун басары Борис Югай, коргоо министрлигинин жогорку кызматкери Таалай Сатыбалдиев, Балыкчыдагы аскер бөлүгүнүн командири Рахат Дегенбаев аскер формаларын кийип келишти. Ал эми Балыкчы аскер бөлүгү командиринин курал-жарак боюнча орун басары Нурдин Каимов декабрь айынан бери убактылуу камоочу жайда кармалууда.
10-мартта башталган бул соттук териштирүү Исмаил Исаковдун адвокаты Мукар Чолпонбаевдин иш менен тааныша электигине байланыштуу бүгүнкүгө жылдырылган.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG