Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:00

Хьюман-Райт-Уотч уюму президент Курманбек Бакиевге кайрылуу жасады


Аталган уюмдун Борбор Азия жана Европа бөлүмүнүн жетекчиси Холли Картнердин КР президентине жасаган ачык кайрылуусунда “Коммерциялык эмес уюмдар” тууралуу мыйзам долбооруна киргизилген өзгөртүүлөрдө жарандык коомду кысуу, бейөкмөт уюмдардын бийликти көзөмөлдөө аракетине бут тосуу коркунучу көрүнүп турат, деп айтылат. Мындан тышкары кайрылууда ар бир мамлекет бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн жөнгө салууга укуктуу, бирок ал демократиялык коомдун максатына ылайык, кандайдыр бир басмырлоо, кысымдан алыс болушу керек, деп айтылат. Хьюман-Райтс-Уотч уюму КР президентинин катчылыгы тарабынан “Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу” мыйзам долбоорун кийинкиге калтыруу боюнча жасаган билдирүүсүнө канааттангандыгын белгилеп, бул мыйзамга парламент депутаттары тарабынан киргизилген өзгөртүүлөр сакталып калуусуна Кыргызстандын мамлекет башчысы жол бербейт, деген ишеничин билдирген.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG