Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:00

Жалал-Aбат облусунда оппозиция төрт жерде митинг өткөрөт


«Ата Мекен» партиясынын облустагы өкүлдөрү БЭКтин эмки аптада өлкө боюнча нааразылык акциясын өткөрүүсүн жана президент К. Бакиевдин кызматтан кетүүсү менен үй-бүлөлүк башкаруу системасын жоюу талабын кубатташууда. Мындай маалымат 16-мартта партиянын облустагы теңтөрагасы Советали Сеитбековдон алынды. Анын белгилешинче 27-мартта Ноокен райондук стадиону менен Кочкор-Ата шаарында митинг өткөрүү тууралу билдирүү бүгүн аталган район жана шаардык бийликтерге тапшырылды. Анда өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал талкууланат. Уюмдун башка мүчөлөрү ошол күнү Базар-Коргон райондук бийлигинин алдында жана Акман айыл өкмөтүнүн мандайында митинг өткөрүүнү чечишти. “Ак Жол” партиясынын облустагы төрагасы Абдымалик Бектемировдун ою боюнча президенттин кызматтан кетирүү талабын коюуга жүйөө жок жана алгачкы эки жылда оппозиция ага иштөөгө мүмкүндүк бербей келген болсо, кийинки жылдардагы өзгөрүүлөрдү оппозиция тааныгысы келбей жатат.(YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG