Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:30

ИИМ: Сыргак Абдылдаевге кол салуу криминалдык териштирүүгө байланыштуу


Мындай пикирин бүгүн ИИМ министри Молдомуса Конгантиев маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусунда бул окуяга шектүү делген эки адамдын фотороботу түзүлгөн: “Бирөө С. Абдылдаевдин өзүнүн көрсөтүүсү менен, экинчиси окуяга күбөлөрдүн жардамы менен түзүлдү. Азырынча иликтөө-издөө иштерин жүргүзүп жатабыз,” деди М. Конгантиев. Министр ошондой эле журналистке кол салуу анын саясий эмес баяндамасы үчүн болушу мүмкүндүгүн, буга ИИМ кызматкерлери жабырлануучунун өзү менен болгон сүйлөшүүдө да ынанышкандыгын кошумчалады.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG