Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:57

Өмүрбек Текебаевди ИИМ суракка алды


ИИМ министри Модомуса Конгантиевдин маалымат жыйынында билдиргени боюнча “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Медет Садыркуловдун болжолдуу өлүмүнө байланыштуу айткан версиясы боюнча сурак берди. Министрдин белгилегени боюнча үч күн мурун Аламүдүн капчыгайында болуп, үч кишинин өмүрүн алып кеткен автокырсык тууралуу кимде кандай божомол болсо, алардын баарын угууга тергөөчүлөр даяр. Бирок бул версиялар далилдүү болууга тийиш, дейт М. Конгантиев. Анын белгилегени боюнча М. Садыркуловго байланыштуу мурдагы вице-премьер-министр Э. Ибраимова да айткан маалыматтарын тергөөгө тастыктап берүүсү керек.
13-март күнү таңга жуук Казакстандан келаткан М.Садыркулов түшкөн “Лексус” автомашинасы капчыгайдан табылып, күйүк темирдин ичинде кимдер набыт болгону азырынча аныктала элек.(ZKo)

XS
SM
MD
LG