Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:55

Аламүдүн капчыгайында унаа кырсыкка айдоочунун уктап кетиши себеп болгон


Бул тууралуу бүгүн ички иштер министри Молдомуса Конгантиев 13-мартта таң эрте болгон унаа кырсыгына байланыштуу маалымат берип жатып билдирди. Анын айтымында, "Лексус" машинасын сүзгөн “Ауди” машинасынын айдоочусу тергөөнүн жүрүшүндө машинасын айдап келатып уктап кеткенин мойнуна алган. Министр күйүп кеткен "Лексуста" табылган үч адамдын сөөгүн аныктоо иш-аракеттери эки жумага созулушу ыктымалдыгын айтты. 13-марттагы кырсыкта өлгөндөрдүн арасында президенттин администрациясынын мурунку жетекчиси Медет Садыркуловдун болушу ыктымал экени айтылууда. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG