Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:17

Брюсселде белорус маселеси каралды


Минск -- Саясий айыпкерлерге тилектештик билдирүү акциясы.12-март 2009-жыл.
Минск -- Саясий айыпкерлерге тилектештик билдирүү акциясы.12-март 2009-жыл.

Брюсселде Евросоюздун тышкы иштер министрлер жыйынында белорусс жетекчилерине жарыяланган санкцияларга байланыштуу маселе кайра каралды. Министрлер санкцияларды колдонуу мораторийин дагы он айга узартышты.

2006-жылы мартта Белоруссиядагы президенттик шайлоодон кийин президент Лукашенкого,ага кошо кыркка чукул ырасмий өкүлдөргө Евросоюздун өлкөлөрүнө киргенге тыюу салынган. Белорус бийликтери шайлоонун эл аралык стандарттарын бузганы жана жарандык коомго,демократиялык оппозицияга кысым жасаганы үчүн айыпталган.

Өткөн аптада Европарламенттеги сөзүндө тышкы байланыштар боюнча еврокомиссар Бенита Ферерро-Валднер дүйшөмбү күнкү атайын кеңеште Белоруссиянын маселеси карала турганын, шаркеттин саясаты жалпысынан баштагы бойдон калганын,анткени өлкөдөгү абал дале алымсынарлык эместигин айтып, ошол эле учурда айрым позитивдүү кадамдар да жасалганын белгилеген эле.

Люксембургдун тышкы иштер министри Жан Асселборн бүгүн жыйын башталар алдында мындан ары да Белоруссияны изоляциялай бергенден эч кандай майнап болбосун,андыктан Евросоюз Лукашенко же башка чиновниктердин эмес, жалпы белорус элинин кызыкчылыктары үчүн ачык болушу керектигин билдирди.

Швециянын тышкы иштер министри Карл Билдт өлкө кайсы багытта өнүгөрүн, европалык интеграцияга катышып, европалык негизги принциптерди урматтагысы келеби-жокпу,муну белорус бийликтери чечиши керек экенин эске салды.

Евросоюздун айрым өлкөлөрү Белоруссияны изоляциялоо аны Россияга ыктаганга аргасыз кылды,натыйжада ал шаркеттин Чыгыштагы өнөктөштүк демилгесине тартылбай жатат деп эсептешет. Аталган программага Украина,Молдова, Грузия, Армения, Азербайжан кирет.

Былтыр ноябрда Евросоюз министрлери белорус чиновниктерине жарыяланган санкцияларды колдонууга мораторий киргизип, дагы жарым жылдан кийин маселени кайра карап көрүүнү чечишкен. Бүгүнкү жыйында министрлер санкцияларды колдонуу жагынан кабыл алынган мораторийдин мөөнөтүн дагы он айга узартышты.

Ушул жуманын бейшембисинде Евросоюздун жалпы тышкы саясаты жана коопсуздугу боюнча жогорку өкүлү Хавер Солана Минскиде болгону жатат. Жогорку өкүлдүн басма сөз кызматындагылар ырасташкандай, бул сапарды шаркеттегилер Белорустагы кырдаалды, эки тараптуу мамилелерди, регионалдык маселелерди талкуулоо мүмкүнчүлүгү катары карашууда.

Брюсселдеги бүгүнкү жыйында шаркеттин тышкы иштер министрлери экономиканы көтөрүү боюнча Европа комиссиясынын планын да талкуулашты. Планда союздун инфраструктура чөйрөсүнө, “Набукко” газ куруунун долбооруна 5 миллиард евро өлөчөмүндө каражат бөлүү сунушу бар.

Мындан тышкары министрлер Босния жана Герцеговинага шаркеттин жогорку өкүлүн дайындашты. Ошондой эле Ооганстанга жардамдашуу маселесин карашты.Эмдиги айдын башында Прагада өткөнү жаткан Евросоюз-АКШ саммитинде ооган проблемасы башкы темалардын бири болмокчу.

XS
SM
MD
LG