Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:06

Эртең Аксы окуясын эскерген иш-чаралар өтөт


17-мартта Бишкекте жарандык коомдун өкүлдөрү Чүй проспектиси менен Панфилов көчөсүнүн кесилишине чогулуп, Аксы окуясын эскеришет. “Атуулдар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунан кабарлашкандай, анда бийлик өкүлдөрүнө бир нече талаптар коюлмакчы. Атап айтканда, жарандардын тынч жыйналууга болгон конституциялык укугун калыбына келтирүү, Аксы окуясынын курмандыктарын акыйкат сот менен камсыз кылуу маселелери айтылат. Ушундай эле иш-чаралар Чолпон-Ата жана Ош шаарларында да өтөт. Мындан жети жыл мурда 17-мартта Аксыда милиция менен карапайым жарандардын кагылышуусунан алты адам окко учкан, дагы бир канчасы жарат алган. (EBM)

XS
SM
MD
LG