Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:23

Швейцария улуттук акчасын нарксыздандырды, эми банк сырын бир аз ачат


Швейцариялык франк Батыштын атайлап нарксыздандырылган алгачкы валютасы болду.
Швейцариялык франк Батыштын атайлап нарксыздандырылган алгачкы валютасы болду.

Экономикасы жана акчасы эң туруктуу деп саналган Швейцария Батыш өлкөлөрү ичинен биринчилерден болуп улуттук акчасынын башка чет элдик валюталарга курсун атайлап төмөндөттү.

Талдоочулардын айтымында, өнүгүп келе жаткан өлкөлөр менен өнүккөн өлкөлөр улуттук акчаларын наркын кетирүүдө эки башка максатты көздөөсү мүмкүн. Маселен, Борбор Азия өлкөлөрүнөн быйыл январда улуттук акчасы - теңгенин кунун бери дегенде 20%га кетирген Казакстан мындай кадамга буга чейин топтолгон чет элдик валюта корун түгөтүп албоо үчүн барууга аргасыз болгон эле. Анткени мунайдын, темир –тезектин чийки заттардын баасы эл аралык базарда төмөндөп кеткен шартта, Казакстандын валюталык кирешеси да азайган. Курсту кармоо үчүн болсо рынокко долларды же еврону куюп туруу керек.

Ал эми Швейцария өткөн бейшемби күнү мунун тескерисин жасап, миллиондогон франкты рыноктон евро менен долларды сатып алуу үчүн коротту. Натыйжада улуттук акчасынын еврого карата курсу 2,6%га, долларга карата 3,2%га арзандады.

Швейцариянын Улуттук банкы менен өкмөтү мындай кадамга еврозонадан чыккан инвесторлор экономикасы жана акчасы эң стабилдүү деп саналган Швейцарияга оой баштагандыктан, франк башка чет элдик валюталарга салыштырмалуу күчтөнүп кеткенинен улам барды.

Лондондогу BGC International брокердик компаниясынын улук стратеги Дэвид Буик (David Buik) "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысы менен маегинде белгилегендей, акчанын Швейцарияга агылганы дүйнө боюнча инвесторлор арасындагы дүрбөлөңдү жана коопсуз жай издөө тенденциясын чагылдырып турат:

-Биз акыркы он сегиз айда акча алмашуу курсунда буга чейин кездешпеген туруксуздукка күбө болдук. Албетте олку-солкулуктар болгон бирок азыркыдай бир жарым жылдан ашуунга созулган эмес.

Кадимки учурларда чет элдик инвестициянын агылып келүүсү тигил же бул өлкөнүн экономикасы үчүн өтө жагымдуу жаңылык катары эсептелинет. Бирок өнүккөн өлкөлөр үчүн рецессия учурунда бул да зыян экен. Маселен франктын күчтөнүүсү Швейцариянын экспорттук товарларынын тышка сатылуусун кыйындатып, өлкөнүн өзүн болсо чет элдик туристтер үчүн кымбат кылып койгон. Экспорт менен туризм - Швейцария экономикасынын эки маанилүү сектору.

Айтор Швейцариянын кадамы эми экспорттук товарларын арзандатуу үчүн улуттук акчаларынын кунун кетирүүгө башка өлкөлөрдү да түрткүдөй мүмкүнчүлүк жаратты. Улуттук акчаларды атаандаштык менен девальвациялоо өз кезегинде өлкөлөр ортосундагы соода согуштарына, протекционизмге алып барат деген кооптонуу бар. Ал эми протекционизм, экономисттердин айтымында, глобалдык экономиканы рецессиядан чыгарбастан, тескерисинче кайра аны тереңдетет.

Британиялык талдоочу Дэвид Буиктин пикиринде, соода согуштарына жол бербөө үчүн Чоң жыйырмалыктын өлкөлөрү кризистен чыгууда чогуу- чаран аракеттенерин апрелдин башындагы саммитинде ачык билдирүүсү керек. Ансыз улуттук акчалардын манипулациясынан качууга болбойт:

-Эгер адамдар өз жолу менен гана кетүүнү чечишсе, сооданын кирешелүүлүгүн, бюджет таңкыстыгын кармоо, кирешенин чыгашадан көптүгүнө жетишүү үчүн өкмөттөр акыр–аягында валюта манипулациясына барат.

Өзгөчө тынчызданууну экономикасы экспортко байланган Жапония сындуу мамлекеттер жаратууда. Автомобиль жана электрондук товарлар боюнча экспортун күчөтүү үчүн Жапония 2004-жылы улуттук акчасы - иенди нарксыздандырууга барган. Жапон товарларына кризистин шартында дүйнөлүк суроо- талап азайгандыктан, быйыл январда былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өлкөнүн экспорту 46%га төмөндөп олтурат. Бул – рекорддук төмөндөө.

Швейцария байгер өлкөлөрдүн арасынан Жапониянын мындан беш жыл мурдагы чарасынан кийин акча алмашуу курсуна кийлигишкен алгачкы мамлекет болду.

Швейцария өткөн аптада ошондой эле мурдагы салтын бузуп, банк купуялуугу боюнча мыйзамдарын бир аз жумшартуу чечимин кабыл алды. Эми өлкө банк эсептеринин ээлери тууралуу маалыматтар менен бөлүшөт, бирок швейцар бийликтеринин ырастоосунда, тигил же же бул адам салыктан качканы боюнча негиздүү далилдер талап кылынат. Божомолдор боюнча Швейцарияда чет элдиктердин 2 триллион доллардык байлыгы катылуу.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG