Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:00

Мохамад Хатами президенттикке ат салышуудан баш тартат деп күтүлүүдө


Ирандын жана Батыштын айрым маалымат каражаттары жазганына караганда Ирандын мурдагы байистүү президенти Мохамад Хатами президенттикке ат салышуудан баш тартат деп күтүлүүдө. Хатами өзү билдирүү жасай элек. Ал 1997-2005-жылдары Ирандын мамлекет башчысы болуп келген. Ал жылдары Тегеран менен Батыштын мамилелери бир аз жакшырган. Июнга белгиленген шайлоого азыркы президент Махмуд Ахмадинежад катышканы жатат. Хатамиге жакын булактардын ырастоосунда, ал реформачыл талапкер экс-премьер Мир Хоссейн Мусавини колдойт деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG