Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Бейөкмөт уюмдар Аксы окуясын эскерүү саатын өткөрүшөт


Бүгүн бир катар бейөкмөт жана укук коргоо уюмдар мындан жети жыл мурун болгон Аксы окуясында курман болгондорду эскеришет. Алар өкмөт үйүнүн алдына барышып, эртең мененки саат тогуздан онго чейин шам күйгүзүп турушат. Анда бийликке Аксы окуясында курман болгондор менен жабыр тарткандардын укугун коргоо үчүн күнөөлүүлөр жазалануусун жана жарандардын тынч, митинг, жыйындарды өткөрүү укугун калыбына келтирүү талаптары коюлат. Ушундай эле эскерүү сааттары Ош, Чолпон-Ата шаарларында жана Аксы районунун Кара-Жыгач айылында болот. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдрасулова билдирди.(BD)

XS
SM
MD
LG