Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:51

Мадагаскардын армиясы оппозиция тарапка өттү


Мадагаскарда армия оппозициянын тарабына өтүп, президенттик сарайды басып алды. Эми аскер күчтөрү да президенттин кызматтан чегинүүсүн талап кылышууда. Өлкө башчысы Марк Раваломанана учурда шаар сыртындагы үйүндө жана оппозициянын талабын аткаруудан баш тартууда. Оппозиция президентти мамлекеттин акчасын максатсыз сарптады жана өлкөнүн демократиялык түзүлүшүн жоготууга аракет жасады деп айыптоодо. Оппозиция лидери Андре Ражоэлина өзүн убактылуу өкмөттүн башчысы катары жарыялап, аскер күчтөрүнө президентти камакка алууну буйруду.

XS
SM
MD
LG