Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:14

Аксы окуясын эскерүү-реквием Бишкекте да болду


Өкмөт үйүнүн алдында саат 9:00да башталган эскерүү-реквием пикет түрүндө өттү. Ага “Аксы окуясы унутулбайт!”, “Элге атылган ок эне сүтүн сатканга барабар!” деген ураандар жазылган плакаттарды кармаган 100 гө чукул киши катышты. Негизинен оппозициялык БЭКтин мүчөлөрү, жарандык коомдун өкүлдөрү бийлик баары бир 2002-жылы 17-18-мартта элге карата ок аткандыгы үчүн жооп берет, деп белгилешти. Пикеттин катышуучуларына милиция алыстан көз салып турду, бирок Биринчи Май райондук ИИБнүн атын атагысы келбеген кызматкери Аксы окуясынын курмандыктарын эскерип жаткандарды тезирээк кетип калбасаңар, чара колдонобуз, бизге команда түштү, деп эскертти. Аксы курмандыктарын эскерүү бир сааттан кийин аяктады.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG