Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:27

Курманбек Бакиев: Аксы каргашасы эч качан кайталанбасын


Мамлекет башчы Курманбек Бакиевдин Аксы окуясында курман болгондорду эскерүү сөзүн бүгүн президенттик маалымат кызматы таратты. Эскерүү сөзүндө президент Курманбек Бакиев 2002-жылдагы Аксы каргашасы Кыргызстандын жаңы тарыхында өтө кайгылуу барактардан болуп калгандыгын белгилеп, бул окуя азыркыга чейин бүт баарыбыздын кабыргабызды кайыштырып келет, деп билдирген. Ошондой эле анда эркиндик, инсандын Укугу жана Адилеттиги үчүн жалтанбай чыгып, жантаслим тапкан эр көкүрөк жигиттерибизди кыргыз эли жана мамлекети эч качан унутта калтырбайт, деп жазылып, бул каргашадан жабыр тарткандарга мамлекет ар тараптан колдоо көрсөтүлүп келе жаткандыгы жана бул аракет мындан ары да улана берери айтылган. Мамлекет башчы элдин эркин күч менен майтарууга болбой турганын Аксы каргашасы күбөлөгөн жана ачуу сабак катары тарыхта калууга акылуу, деп эсептейт. Мындан тышкары президент К. Бакиев жалпы элге кайрылып: “Кылымдан бери кыргыз эли кандай гана жамандык башына түшпөсүн жеңе билген жана ынтымагы ого бетер арткан, Аксы каргашасында каза тапкандарды чогуу эскерип, айылыбыз аман, журтубуз бүтүн болсун, мындай каргаша эч качан кайталанбасын деп тилейли,” деген оюн билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG