Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:29

Сыргак Абдылдаевге операция жасалат


Бул тууралуу №4 оорукананын травматология бөлүмүнүн башчысы Рамис Үсөнбеков маалымдады. Анын айтуусунда журналисттин бир жак далысынын сөөктөрүн ордуна келтирүү боюнча операция ушул жумада жасалат. Операцияны аталган оорукананын жетекчиси, врач-ортопед Сабыр Жумабеков өзү жасамакчы. Кийинчерээк экинчи колуна операция жасалат, дейт дарыгер. Рамис Үсөнбековдун маалыматы боюнча учурда Сыргак Абдылдаевдин абалы бир топ турукташты, бирок дарылоо курстары уланууда.
“Репортер-Бишкек” басылмасынын саясий баяндамачысы Сыргак Абдылдаевди 3-март күнү кечке жуук белгисиз бирөөлөр денесинин 21 жерине бычак сайып, эки колун чыканагынан өйдө сындырып кетишкен. Журналист бул окуяны өзүнүн кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштырууда. Ал эми ИИМ бул окуяга криминалдык дүйнөнүн тиешеси бар, деген божомолун жарыя кылды.(ZKo)

XS
SM
MD
LG