Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:50

Вьетнамдын тышкы иштер министринин орун басары эртең Кыргызстанга келет


Вьетнамдын тышкы иштер министринин орун басары Нгуен Куок Кыонга мырза Кыргызстанда эки күндүк иш сапары менен болот. Анда ал КР тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев, соода жана экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлери менен жолугушат. Жолугушууларда тараптар Кыргызстан менен Вьетнамдын ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана гуманитардык-маданият тармагындагы кызматташтыгы тууралуу сөз кылышмакчы. Бул жөнүндө ТИМдин басма сөз кызматы маалымдады.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG