Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:20

Эгемен жылдары бала бакчалардын теңинен көбү кыскарган


Бүгүн Бишкекте “Мектепке чейинки билим берүү” тууралуу мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтүп жатат. Жогорку Кеңештин билим берүү, илим, маданият жана маалымат саясаты боюнча комитеттин башчысы Иса Өмүркуловдун айтымында, бул жааттагы азыркы абал мамлекеттин, коомдун шарттарына төп келбейт жана окуучулардын билим деңгээлине таасир этип жатат. Мисалы, бала бакчага барбаган балдардын мектептеги жетишкендиктери мектепке чейинки билим берүү жайларга баргандардыкынан 24 пайызга аз. Билим министри Абдылда Мусаевдин билдиришинче, 90-жылдары өлкөдө 1600дөн ашык бала бакча болгон. Азыр анын отуздан ашык пайызы гана иштейт. Өлкөнүн вице-премьер-министри Өктөмкан Абдуллаева өлкөдөгү бала бакчаларды жааттагы абалды оңдоо үчүн он сегиз миллиондон ашык сом талап кылынаарын билдирди. Бул туурасында ЖКнын маалымат кызматы кабарлады. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG