Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:08

Г. Куликова: Садыркуловдун үй-бүлөсүнүн коопсуздугун камсыз кылуу зарыл


Жогорку Кеңештин “Ак жол” фракциясынын депутаты Галина Куликова бул тууралуу бүгүн парламенттин Коргонуу, коопсуздук, укук тартиби жана жана сот укук реформасы комитетинин жыйынында билдирди. Медет Садыркуловдун үй-бүлөсү аңдууга алынып жатканы тууралуу маалыматы бар экенин айтты. Бул жыйынга Акыйкатчы Турсунбек Акун, ички иштер Молдомуса Конгантиев, баш прокурордун жардамчысы катышты. Социал-демократтар фракциясынын депутат Роза Отунбаева М. Садыркуловдор Казакстандан келатканда “Ак жол” бекетинде бир саат кармалышканы тууралуу укканын айтты. Министр Конгантиев мындай маалыматты биринчи жолу угуп жатканын, бул ишти Баш прокуратура тергеп жатканын билдирди. 13-марттагы чуулгандуу окуя боюнча он сегиз экспертизанын жыйынтыгы чыкмайынча жоромолдорду айтуу мүмкүн эмес, деди министр. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG