Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:19

Нарында Аксы окуясында курман болгондорду эскеришти


«Naryn.kg» медиа борборунда 2002-жылы 17-мартта курман болгон жарандарды эскерүү болуп өттү. Алгач гимн ойнолуп, андан соң курман болгондорду бир мүнөт унчукпай туруп эскеришти. Бейөкмөт уюмдардын, саясий партиялардын өкүлдөрү ошол окуя учурунда активдүү жарандык коомдун өкүлдөрү болгон адамдар катышты. Анда Аксы окуясынын чыныгы күнөөлүүлөрү алигиче жазаланбай жаткандыктарына токтолушту. Бириккен элдик кыймылынын мүчөсү Алымбек Акунов Аксы окуясы бир адамды коргоо эмес жалпы кыргыз жеринин бүтүндүгүн коргоо үчүн болгондугуна токтолуп, алдыдагы 27-марттагы саясий нараазылыктарды бир саясатчынын аркасынан ээрчип эмес жалпы жакшы жашоо үчүн аракет кылуу керектигин билдирди. Аягында маркумдарга куран окулду.

XS
SM
MD
LG