Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:18

ЖКдагы Социал-демократтар Кыргызстандагы кылмыштуулуктун абалын карайт


Анда Башкы прокурор Элмырза Сатыбалдиев менен Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев маалымат беришет. Алар ошондой эле бүгүн 13-мартта президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркулов каза болгон автокырсык боюнча “Ак жол” фракциясынын жыйынында маалымат беришет. Мындай маалымат фракциянын депутаты Гүлнара Дербишевадан алынды. Анын айтымында, жыйында “Ак жол” партиясынын төрагасы, президент Курманбек Бакиевдин катышуусу менен партиянын саясий кеңешинин шашылыш жыйынын өткөрүү маселеси да чечилет. Кечээ бул маселени парламенттин коопсуздук жана коргонуу комитети карап, депутаттар чын эле автокырсык болгондугуна күмөн санашкандыгын билдиришкен. Депутат Галина Куликова аны партиянын саясий кеңешинде кароону, Иса Өмүркулов чет элдик эксперттер катышкан көз карандысыз комиссия түзүүнү сунуш кылып, маселе жалпы парламентте талкуулансын деген чечимге келген.(BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG