Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:47

Адвокат А.Жекшенкуловдун абак которуусуна каршы


Бирдиктүү элдик кыймылдын лидерлеринин бири Аликбек Жекшенкуловдун адвокаты Нина Зотова Жекшенкулов Улуттук коопсуздук комитетинин убактылуу абагынан Бишкектеги №1 тергөө абагына которулбасын жана коопсуздугу камсыздалсын деген өтүнүч менен Башкы прокуратурага, Акыйкатчыга кайрылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Нина Зотова билдирди. Анын айтымында, буга Башкы прокуратуранын Жекшенкуловду Улуттук коопсуздук комитетинин абагынан Бишкек СИЗОсуна которуу жөнүндө Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна кассациялык өтүнүч бергендиги негиз берди. Сот ал кайрылууну качан карары белгисиз, бирок Жекшенкуловдун тилектештери анын өмүрүнө коркунуч келет деп кооптонуп жатышкандыгын билдиришти. (BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG