Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:40

Мохаммад Хатами президенттик шайлоого катышпайт


Ирандын мурдагы президенти Мохаммад Хатами 12-июнга белгиленген президенттик шайлоого катышпайт жана өлкөнүн мурдагы премьер-министри Мир Хоссейн Муссавини колдойт. Бул тууралуу Хатами интернеттеги өз баракчасында жасаган билдирүүсүндө айтылат. Байкоочулардын баамында, бул эки талапкердин саясий турумдары бирдей болчу жана экөө тең шайлоого катышканда добуш берүүчүлөр арасында тең салмактуулукту бузуп алышмак. Анын аралыгында Консерваторлордун фракциясы Ирандын учурдагы президенти Махмуд Ахмадинежадды өзүнүн талапкери катары көрсөттү. 65 жаштагы Мохаммад Хатами 1997-жылдан 2005-жылга чейин Ирандын президенти болгон.

XS
SM
MD
LG