Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:45

Түркия: шайлоо алдында күрөш күч алды


Марттын соңунда Түркияда жергиликтүү бийликке шайлоо өтөт. Өлкөдө шайлоо алдында өнөктүк кызуу жүрүп жаткан кез жана катары менен эки жолу жалпы шайлоодо жеңип бийликтеги “АК” партиясы бул добуш берүүдө да көп упай топтоору күтүлүүдө.

Көптөгөн саясий байкоочулардын божомолуна жана сурамжылоолорго ылайык, Түркияда бийликтеги “АК” партиясы 29-март күнү өткөрүлө турган, өкмөттүн кийинки эки жылда жүргүзүп келген саясатынын тараза ташы болуусу күтүлгөн жергиликтүү шайлоодо каршылаштарын жеңип, өлкөнүн ири шаар, шаарча, айыл жана кыштактарында басымдуу көпчүлүк добуштарды алуусу күтүлүүдө.

Өткөн жалпы шайлоодо болгондой эле бул жолу да “АК” партиянын жеңишке жетүүсүндөгү чечүүчү фактор - анын кийинки аралыкта шайлоочуларын алдында популярдуулугу ылдам өскөн премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган болмокчу. Эрдоган мырза Давосто өткөн форумда Израилдин президенти Шимон Перезди жемелеп өткөн:

- Урматтуу Перез, адатта айыбы бар адамдын үнүндөй үнүңүз өтө бийик чыкты. Адамдарды өлтүргөнгө келгенде муну жакшы билесиңер. Кум жээкте жаткан балдарды кантип кырдыңар, мындан кабарым бар.

Мына ушул кайым айтышуубу, же өлкөнун каруусу күчтүү медиа дөөсү “Доган Груп” менен жүрүп жаткан анын күрөшүбү, айтор сурамжылоолор көрсөткөндөй өкмөт жеңишке карай бекем кадамдар менен басып бараткандай сезилет.

Албетте шайлоонун эч биринин натыйжасын алдын-ала так билүү мүмкүн эмес. Бирок калктын 20 пайыздай бөлөгүн түзгөн күрт жарандарына карата, мамлекеттик сыналгы-үналгы курумунда алардын эне тилинде 24 саат берүү берип турган каналды ачуу өңдүү жарашуу маанайындагы кадамдары шексиз үзүрүн берерин да эсепке алганда, Эрдогандын партиясы бул жолу өткөндөгү 47 пайыз добушту да озуп кетүүсү ажеп эмес.

Деңиз Байкал
Шайлоо күнү жакындаган сайын өнөктүктүн жүрүшү да кызыды. Эрдоган менен анын башкы атааңдашы “Жумуруят Калк” партиясынын лидери Деңиз Байкалдын ортосундагы кайым-айтыш курчуп, эки тарап бирин-бири эрөөлгө чакыруусу сыналгыларда күндөлүк кабарга айланып калды.

- Урматтуу Байкал мырза, биз өлкө башкарып жатабыз, дүкөн эмес. Жумушсуздукту жоюу керек деп жатасыз,. эмне биз жумушсуздук маселесин билбейбизби? Биз өлкө башкарып жатабыз, а сизге алты койду бак десе жоготуп жибересиз.

Деп Деңиз Байкалды мыскылдаган Эрдоган Байкал бери дегенде 3011-жылкы шайлоолордо жеңишке жетүүсү ыктымал деген өзүнүн прогнозун да айта кетүүнү эстен чыгарбады.

XS
SM
MD
LG