Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:18

Өкмөт үйүнүн алдынан төрт кишини милиция кармап кетти


“Кылым шамы” уюмунун лидери Азиза Абдырасулованын билдирүүсүнө караганда, Аксы окуясынын экинчи күнүн эскерүү үчүн бүгүн эрте менен Акүй алдына чыккан жыйырмадай кишини милиция кармап кетти. Кармалгандардын арасында Төлөкан Исмаилова, Топчубек Тургуналиев, Анвар Артыков жана Аксы окуясында жабыркагандардын жакындары бар. 17-мартта өкмөт үйүнүн алдында Аксы окуясын эскерүү сааты болгон. Анда милиция эч кимди кармап кеткен эмес. Укук коргоочулар Аксы окуясы 17-18-мартта катары менен болгон деп, 18-мартта да эскерүү пикетине чыгышкан. Бирок бул жолу аларды Биринчи май райондук милициясы кармап кетти.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG