Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:14

Апрелден тартып жаңы эмдөө киргизилет


Ушул жылдын апрель айынан тартып республика боюнча балдарга жаңы эмдөө колдонула баштайт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма-сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, эмдөөнүн жаңы ыкмасы менен беш, көк жөтөл, дифтерия, тарамыштын тартышып калуусу (столбняк), геппатит В жана жугуштуу гемофиль ооруларын алдын алууга болот. Эмдөө эмканаларда, медициналык мекемелерде атайын каралган календардын негизинде жүргүзүлөт. Басма сөз кызматы кабарлагандай, эмдөөнүн жаңы ыкмасы Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан сунушталып, анын коопсуздук жана натыйжалуулугу текшерилген. Бүгүнкү күнгө республика боюнча 420 миң дозадан жогору эмдөө алынып келингендиги кабарланууда. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG