Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:37

Ок атышуудан эки милиция кызматкери жабыркады


Бишкектин чет жагындагы ок атышуудан Чүй облусунун ички иштер бөлүмүнүн эки кызматкери жараат алган. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, ок тийген эки милиция кызматкери Чүй облустук ооруканага жеткирилип, алардын ден соолугу коркунучта эмес. Маалыматка ылайык, 17-март күнү кечки саат 22:35те Чүй облусунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери издөөдө жүргөн “Ауди 100” машинесин токтоткон. Анын айдоочусу милициянын майору деген күбөлүгүн көрсөтүп, текшерүүдө анын жасалма экени аныкталган. Машинедеги экинчи кишиден документ сурашканда ал ок атып жиберип, өздөрү качып кеткен. Машинеден куралдар табылганы кабарланууда. Учурда издөө иштери жүрүп жатканын “Азаттыкка” басма сөз кызматы маалымдады. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG