Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:20

Койташтагы жол кырсыгын иликтөө үчүн өкмөттүк аралык комиссия керек


Ал комиссиянын курамына өкмөт мүчөлөрү, депутаттар жана жабыркагандардын жакындары да кириш керек.Комиссиянын ишине жардам берүү үчүн эл аралык криминалист адистер тартылууга тийиш,-деп билдирди “Ар намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов “Азаттыкка”. Куловдун айтымында, мындай окуяларда дайыма эки версия каралат. Биринчиси өлтүрүү, экинчиси кырсык. Тергөө мына ошолордун үстүнөн иш жүргүзүүсү керек. Партия лидери ошондой эле Медет Садыркулов саясатчы болгон менен саясатчы катары ачык чыгаарын билдирген эместигин, азыркы мезгилде саясий буйрутма болду дешке да шашылбаш керектигин кошумчалады. Ички иштер министрлиги 13-мартта Койташ айлына жакын жерде болгон жол кырсыгынан президенттик администрациянын мурунку башчысы Медет Садыркулов каза болгон деп, аны ДНК экспертиза аныкташ керектигин билдирүүдө.(AiT)

XS
SM
MD
LG